Бишкектин жака-белиндеги жарым марафонго 1500 адам катышууда

© Фото / Влад ДомбровскЕжегодный полумарафон весны "Бакай Банк Жаз Деми"
Ежегодный полумарафон весны Бакай Банк Жаз Деми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарыштын байге фондусу — 192 миң сом.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жыл сайын өтүүчү "Жаз Деми" жарым марафону башталганын уюштуруучулар билдирди.

Nomad коомдук спорт бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Моношбекова: марафондон түшкөн каражаттын бир бөлүгү азиздерге бөлүнөт
Эскерте кетсек, чогулган каражаттын бир бөлүгү көзү азиз адамдарга таяк сатып алууга жумшалмакчы. Жарым марафон салтка айлангандай эле "Манас" аэропортуна бараткан трассада өтүүдө. Башталышы да, бүткөн жери да "Аска-Таш" мемориалдык комплекси болот. Марафондун байге фондусу 192 миң сом экени айтылды.

Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, иш-чаранын максаты — спортту жайылтуу жана ар бир адамга жеткиликтүү экенин көрсөтүү.

"Жарышка 1500 адам катышууда. Булардын басымдуу бөлүгү профессионал эмес, жөн гана спортту сүйүүчүлөр. Былтыр 800 киши болчу. Жалпы жонунан 5, 10 жана 21 чакырымга чуркашат. Эртең менен 100гө чукул бала 100, 200 жана 500 метрге чуркап келишти", — дешти уюштуруучулар.

Иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — жарым марафондун медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0