Эл алдында Шевченко менен сүрөткө түшкөн жигит жашып кетти. Фотофакт

Жазылуу
UFC чемпиону борбор калаадагы соода борборлорунун биринде күйөрмандары менен жолуккан.

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко менен сүрөткө түшкөн күйөрманы эл алдында жашып кетти. 

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Табылды КадырбековВстреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке
Эл алдында Шевченко менен сүрөткө түшкөн жигит жашып кетти. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке

Дүйнөгө аты чыккан спортчу сегиз жылдан кийин мекенине келип, бүгүн Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолуккан. Жаш жигит ага суроо берүү үчүн микрофон алып, анын беттештерин 2015-жылдан бери калтырбай көрүп, колдоп келгенин айтты. Андан соң Шевченкого кайрылып сүрөткө түшүп алууну суранган. Спортчу анын сунушун кабыл алып эл алдында сүрөткө түшкөн. Ошол учурда ал кубанганынан жашып кеткенин көрүүгө болот. 

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Табылды КадырбековВстреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке
Эл алдында Шевченко менен сүрөткө түшкөн жигит жашып кетти. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке

Валентина Шевченко Бишкекке 7-апрель күнү келди. Эртең, 9-апрелде, Ош шаарына барып борбордук аянтта күйөрмандары менен жолугат. Ал Кыргызстанда бир жума жүрө турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0