Шевченко: Нуньес менен Холмдун беттешин чыдамсыздык менен күтүп жатам

© AP Photo / John LocherБразильский боец смешанных боевых искусств Аманда Нуньес
Бразильский боец смешанных боевых искусств Аманда Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Валентина Шевченко 2011-жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчу. Бир топ жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. UFC чемпиону Аманда Нуньес менен Холли Холмдун кармашы бүйүр кызыткан беттештердин бири болот. Бул туурасында Валентина Шевченко маалымат жыйында билдирди.

Эске сала кетсек, Шевченконун эзелки атаандашы Аманда Нуньес менен мурдагы каршылашы Холли Холм жай айында беттешет.

"Спорт сүйүүчүлөрүнө да, мага да Нуньес менен Холмдун беттеши кызык. Экөө тең кыйын мушкер, профессионал. Нуньес соккуга басым жасайт, Холм өзүнүн техникасы менен абайлап беттешет", — деди мушкер.

Шевченко бразилиялык Нуньес менен эки ирет кармашып, калыстардын чечими менен утулуп калган. Ал эми Холли Холмду утуп алган.

Пресс-конференция чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекте. Учурда эмне болууда
Валентина Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотов Бишкекке кечээ, 7-апрелде, келген. Конокторду "Манас" аба майданынан бийлик өкүлдөрү коштогон топ салтанаттуу тосуп алышкан.

Шевченко бүгүн саат 16:00дө Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт. 9-апрелде Ошко да барат.

Валентина Шевченко 2011-жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчу. Бир топ жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет.

Ал муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0