Хоккей: 5 жолку жеңишке карабай КРдин чемпионатка катышпай калышынын себеби айтылды

Жазылуу
Кыргызстандын командасы тайпадагы бардык атаандаштарын уткан. Бирок бул жеңиштин бардыгы жокко чыгарылды.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасынын Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында бардык жеңиши команданын оюнчусу Александр Титов дисквалификация болгондуктан жокко чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына хоккей боюнча улуттук федерациядан билдиришти.

Кечээ, 6-апрелде, Кыргызстандын оюнчулары Бириккен Араб Эмирлигин утуп, тайпадагы бардык атаандаштарын жеңген. Бул жетишкендик өз кезегинде курама команданы хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк бермек.

"Титов буга чейин Россияда ойночу. Ал Кыргызстан үчүн ойносун деп эл аралык федерациядан уруксат алганбыз. Бизге 30-мартта уруксат беришкен, бирок 5-апрелде чечим туура эмес болгон дешти. Уюштуруучулар биздин 4 жеңишти жокко чыгарышты", — деп федерациядан билдиришти.

Тайпалык беттештердин жыйынтыгы:

  • Кыргызстан — Кувейт, 14:0;
  • Кыргызстан — Таиланд, 6:2;
  • Кыргызстан — Босния жана Герцеговина, 6:2;
  • Кыргызстан — Гонконг, 8:3;
  • Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги, 7:4.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо туру Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өттү. Ал эми Дүйнө чемпионаты 2020-жылы 1-17-майда Швейцариянын Цюрих жана Лозанна шаарларында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0