Кыргызстандын хоккейчилери катары менен үчүнчү жеңишке жетти

Жазылуу
Кыргызстандын оюнчулары буга чейин Кувейттин командасын 14:0 эсеби менен жеңип алса, таиланддык оюнчуларды 6:2 эсеби менен уткан.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы 2020-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өткөн беттеште Босния жана Герцеговинанын командасын 14:3 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Хоккей боюнча эл аралык федерациянын расмий сайтында маалымдалат.

Ошский баскетбольный клуб Номад - Sputnik Кыргызстан
Баскетболчу Алымкулов: кинодогудай эле жеңүүчү болдук
Кыргызстандын оюнчулары Абу-Даби шаарында өтүп жаткан оюндарда жакшы ийгилик көрсөтүүдө. Буга чейин Кувейттин командасын 14:0 эсеби менен жеңип алса, таиланддык оюнчуларды 6:2 эсеби менен уткан.

Эми кыргызстандык хоккейчилер 4-апрелде Гонконгдун курама командасы менен беттешет.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылы 1-17-майда Швейцариянын Цюрих жана Лозанна шаарларында өтөт. Эгер Кыргызстандын курамасы тайпасынан чыкса, үчүнчү дивизионго кирип, Дүйнө чемпионатына катышууга укук алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0