Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду

© Фото / Анастасия МарченкоАралаш эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
Аралаш эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашууга ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Аралаш эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу ESPN порталы жазды.

Жаңы келишимге ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт. Келишимдин толук чоо-жайы тууралуу маалымат жок.

"Биз Валентина үчүн пайдалуу болгон келишимге кол койдук. UFC менен болгон мамиле жакшырып баратат", — деди спортчунун менеджери Роджер Аллен.

Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жакында жолугабыз! Валентина Шевченко Бишкекке келерин айтты
Кыргызстандык мушкер кыз кийинки беттешти америкалык Жессика Ай менен өткөрүп, чемпиондук курун сактап калууга жан үрөйт.

30 жаштагы Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталган.

Жакында эле Шевченко UFC уюмунун эң мыкты 15 мушкеринин катарына кирип, Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор менен теңтайлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0