UFC мушкери Аманда Нуньестин ким менен беттеше турганы белгилүү болду

© REUTERS / Gary A. VasquezКыз-келиндер арасында жеңил салмак боюнча UFC уюмунун учурдагы чемпиону Аманда Нуньес. Архив
Кыз-келиндер арасында жеңил салмак боюнча UFC уюмунун учурдагы чемпиону Аманда Нуньес. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Холм жеңил салмак категориясында чемпион болууга ат салышса, Нуньес өз титулун коргоп калуу үчүн беттешет.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыз-келиндер арасында жеңил салмак боюнча UFC уюмунун учурдагы чемпиону Аманда Нуньес кийинки беттешти Холли Холм менен өткөрөт. Бул тууралуу Sport.ru сайты жазды.

Эки мушкер UFC 239 турниринин алкагында 6-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында беттешет. Ал эми аталган турнирдеги негизги беттеш Жон Жонс менен Тиаго Сантостуку болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от THE TOO SWEET OUTLAWS! (@toosweet_rc)

Холм жеңил салмак категориясында чемпион болууга ат салышса, Нуньес өз титулун коргоп калуу үчүн беттешет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA News🇬🇷 (@greek_submitions)

Аманда Нуньес UFC уюмунун тарыхында эки салмак категориясында чемпион болгон эң биринчи мушкер. Былтыр декабрь айында болгон UFC 232 беттешинде бразилиялык мушкер Крис Сайброг жеңип алган.

37 жаштагы Холли Холм UFC уюмунун жеңил салмак боюнча мурдагы чемпиону. Ал учурунда жеңилбес атка конгон Ронда Роузини 2015-жылы ноябрда нокаут менен утуп, атагы чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0