Кыргызстандык WEF уюму апрелде үч турнир өткөрөт. Орду, убактысы

Жазылуу
Ага Борбор Азия жана Россиянын спортчулары катышары айтылды.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Кулатуу эр таймаш (World ertaymash Federation — ред.) федерациясы апрель айында аралаш мушташ боюнча эки ири жана бир чакан турнир өткөрөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-апрель күнү Москвада WEF ProfFight, 25-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунда WEF Sellection (тандап алуу мелдеши), ал эми 28-апрелде Баткендин Лейлек районунда WEF ProfFight эл аралык турнирлери өтөт. Ага Борбор Азия жана Россиянын спортчулары катышары айтылууда.

Спорттук уюм Instagram баракчасына 14-апрелде боло турчу WEF ProfFight мелдешинин файткардын жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от WEF GLOBAL (@wef_global)

Спортчулардын сүрөтү менен коюлган тизмеден белгилүү кыргыз мушкери Жыргалбек Чомонов (93 килограммдан өйдө) менен өзбекстандык Нурсултан Рузибоевди (77 килограммга чейин) көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0