Бишкекте 3-апрель күнү футбол боюнча ири мелдеш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековДордой футбол клубунун оюнчулары. Архив
Дордой футбол клубунун оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дордойдун" каршылашы - АФК кубогунун учурдагы финалисти.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Борбор калаада 3-апрель күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Бишкектин "Дордой" жана Түркмөнстандын "Алтын Асар" клубунун оюнчулары футбол ойношот.

Бишкектик клубдун маалымат кызматынан кабарлашкандай, оюн Азия футбол конфедерациясынын группалык этабынын алкагында өтөт.

Эки команданын беттеши Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 3-апрель күнү саат 20:00дө башталат. "Дордойдун" каршылашы - АФК кубогунун учурдагы финалисти.

Бишкектик команда АФК кубогунун борбордук зонасынын D тобунда "Худжант" жана "Истиклол" менен дагы ойнойт.

Билеттерди "Дордой" клубунун базасынан (Абдрахманов 230А) жана оюн боло турган күнү стадиондун кассасынан сатып алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0