Футболчу Илзат Ахметов Россиянын Казакстанды утуп алышы тууралуу

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКыргызстанда төрөлгөн футбол боюнча Москванын ЦСКА жана Россиянын курама командасынын жарым коргоочусу Илзат Ахметов
Кыргызстанда төрөлгөн футбол боюнча Москванын ЦСКА жана Россиянын курама командасынын жарым коргоочусу Илзат Ахметов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын курама командасынын оюнчусу дарбазага эки ирет топ киргизген.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда төрөлгөн футбол боюнча Москванын ЦСКА жана Россиянын курама командасынын жарым коргоочусу Илзат Ахметов Казакстандын курама командасын кантип жеңгенин айтып берди.

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүИльзат Ахметов (Россия) в отборочном матче Чемпионата Европы по футболу 2020 между сборными командами Казахстана и России.
Кыргызстанда төрөлгөн футбол боюнча Москванын ЦСКА жана Россиянын курама командасынын жарым коргоочусу Илзат Ахметов Казакстандын курама командасын кантип жеңгенин айтып берди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстанда төрөлгөн футбол боюнча Москванын ЦСКА жана Россиянын курама командасынын жарым коргоочусу Илзат Ахметов Казакстандын курама командасын кантип жеңгенин айтып берди
© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСлева направо: Абзал Бейсебеков (Казахстан), Ильзат Ахметов (Россия) и Юрий Перцух (Казахстан) в отборочном матче Чемпионата Европы по футболу 2020 между сборными командами Казахстана и России.
Мелдеште казакстандыктар россиялыктарга 4:0 эсебинде утулуп калган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мелдеште казакстандыктар россиялыктарга 4:0 эсебинде утулуп калган.
1/2
Кыргызстанда төрөлгөн футбол боюнча Москванын ЦСКА жана Россиянын курама командасынын жарым коргоочусу Илзат Ахметов Казакстандын курама командасын кантип жеңгенин айтып берди
2/2
Мелдеште казакстандыктар россиялыктарга 4:0 эсебинде утулуп калган.

24-мартта Нур-Султан шаарында Европа-2020 чемпионатынын тандоо турунун алкагында эки өлкөнүн курама командаларынын ортосунда оюн болгон. Мелдеште казакстандыктар россиялыктарга 4:0 эсебинде утулуп калган.

Беттештен кийин Россиянын футбол союзунун сайтында Ахметовдун билдирүүсү пайда болду.

Команданын жарым коргоочусунун айтымында, мелдеш оңой болгон эмес. Бирок максаттары ишке ашкан.

"Жеңгенибизге кубанып жатам. Бул жеңиш мага дем-күч берди", — деди Ахметов.

Оюнчудан аны колдоого Кыргызстандан бирөө-жарым келдиби деп да сурашкан. Ал "менин билишимче мекендештер келди" деп жооп берген.

Ахметов ЦСКА курама командасынын жарым коргоочусу катары Европа-2020 чемпионатынын тандоо турларындагы беттешке чыккан.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?
Брюсселде өткөн мелдеште россиялык оюнчулар Бельгиянын курамасы менен беттешип, 1:3 эсебинде жеңилип калышкан.

Илзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, борбор калаадагы "Алга" клубунда ойноп баштаган. 2009-жылы Россияга көчүп кетип, Коноплев атындагы академияда машыккан. 2014-жылы Казандын "Рубин" командасынын катарына кошулган. 16 жашында негизги курамда ойноп, эң жаш футболчу аталган. 2014-жылы 20-октябрда биринчи жолу Россиянын премьер-лигасында ойногон. Андан сырткары, 18 жаштан 19 жашка чейинкилер арасындагы Россиянын өспүрүмдөр курамасына кирген.

Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өткөн. Ошондой эле ал Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун катарына кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0