Дарья Маслова Ташкенттеги эл аралык жарым марафондо жеңүүчү аталды

© AFP 2023 / Anthony WALLACEКыргызстандык спортчу Дарья Маслова. Архив
Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер арасында биринчи орунду кытайлык Ли Янг алса, экинчини кыргызстандык Адилет Кыштакбеков ээлеген.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Дарья Маслова Ташкентте өткөн эл аралык жарым марафондо биринчи орунду камсыз кылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымдады.

Ежегодный полумарафон весны Бакай Банк Жаз Деми - Sputnik Кыргызстан
Жаз деми!.. Апрелде Бишкекте салтка айланган жарым марафон өтөт
Мелдеш 24-мартта өткөн. Спорттук иш-чарага 28 өлкөдөн 1,7 миң жөө күлүк катышкан.

Эркектер арасында биринчи орунду кытайлык Ли Янг алса, экинчини кыргызстандык Адилет Кыштакбеков, үчүнчүнү өзбекстандык Андрей Петров ээлеген.

Жеңүүчүлөрдү Өзбекстандын президентинин жаштар иши, билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт боюнча кеңешчиси Абдужаббор Абдувохидов жана жеңил атлетика боюнча Азия федерациясынын президенти Дахлан Аль Хамад сыйлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0