Рингде эч утулбаган боксчу Акжол Сулайманбек уулу чемпиондук наамын коргойт

© Sputnik / Светлана ФедотоваТрехкратный чемпион КР по боксу Акжол Сулайманбек уулу
Трехкратный чемпион КР по боксу Акжол Сулайманбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулайманбек уулу үч жыл ичинде 13 беттеш өткөрүп, бир да жеңилүү ызасын тарткан эмес. Дүйнөлүк рейтингде 58-орунду камсыздап, эң мыкты 15 мушкердин сегизинчиси боло алган.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык бокс боюнча WBA Asia — чемпиондук наамын коргойт. Бул туурасында мелдешти уюштуруп жаткан RCC Boxing Promotions уюмунун ВКонтакте баракчасында айтылат.

Маалыматка ылайык, мелдеш 23-мартта Екатеринбург шаарында өтмөкчү. Анда Сулайманбек уулу 59 килограмм салмакта таиланддык Пипат Чаипорн менен беттешет. Мушкерлер 10 раунд кармашат.

Боксерский бой между Keeshawn Williams и Фархада Фатуллойя - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Эржан Тургунбеков профессионал боксчулардын турнирине катышат
Ошондой эле спорттук уюм кыргызстандык мушкердин спорттук көрсөткүчтөрүн жарыялаган. Анда Сулайманбек уулу үч жыл ичинде бокс боюнча 13 ирет беттеш өткөрүп, бир да жеңилүү ызасын тартпагандыгы, ошондой эле дүйнөлүк рейтингде 58-орунду камсыздап, эң мыкты 15 мушкердин сегизинчиси болуп турганы айтылат. Былтыр WBC Asia наамына ээ болгон.

Ал эми таиланддык мушкер 46 мелдешти утуп, 12 ирет жеңилип жана эки ирет турнирде тең чыккан. Мындан тышкары, бокс боюнча IBF Asia и IBF Pan Pacific наамдарына ээ. Дүйнөлүк рейтингде 82-орунда турат.

Эске сала кетсек, ушул эле турнирде дагы бир кыргызстандык мушкер Эржан Тургунбеков да күчүн сынайт.

Акжол Сулайманбек уулунун чемпиондук жолу, үй-бүлөсү тууралуу Sputnik даярдаган маектен окусаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0