Бишкек милициясынын подполковниги жиу-житсу боюнча АКШда жеңүүчү болду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСпортчу. Архив
Спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык турнирге спортчулар дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн катышты.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкектик милиционер Улан Дүйшөналиев жиу-житсу боюнча АКШда өткөн турнирде күмүш медалга ээ болду. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВДБишкектик милиционер Улан Дүйшөналиев жиу-житсу боюнча АКШда өткөн турнирде күмүш медалга ээ болду
Бишкек милициясынын подполковниги жиу-житсу боюнча АКШда жеңүүчү болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик милиционер Улан Дүйшөналиев жиу-житсу боюнча АКШда өткөн турнирде күмүш медалга ээ болду

Los Angeles BJJ Pro IBJJF Championship турнири 3-мартта өтүп, ага спортчулар дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн катышты.

"Жиу-житсу боюнча АКШга Кыргызстандан Бишкек шаардык ИИББдин маалымат башкармалыгынын башкы инспектору Улан Дүйшөналиев кеткен. Ал 94 килограммдык тажрыйбалуу спортчулар менен таймашты", — деп айтышты милициядан.

Дүйшөналиев ИИМде бир нече жылдын бери иштейт, милициянын подполковниги. 

Los Angeles BJJ Pro IBJJF Championship турнирин бразилиялык жиу-житсу боюнча эл аралык федерация жыл сайын өткөрүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0