Британ футболчусу пенальтиде топту жаза тээп күлкүгө калды. Видео

© REUTERS / ANDREW COULDRIDGEФутболист Берсант Селина из Суонси Сити
Футболист Берсант Селина из Суонси Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу топту дарбазанын түбүнө тебүүгө аракет кылып, бирок өзүнүн бутун тээп алган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Британиянын "Суонси" клубунун жарым коргоочусу Берсант Целина "Вест Бромвич" командасы менен ойноп жатып, пенальтиде топту жаза тээп алды.

Адаттан тыш пенальти тебүүнүн видеосун Sky Sports Football порталы Twitter баракчасына жарыялады.

​Биринчи таймда Целинага атаандашынын дарбазасына 11 метр аралыктан топ тээп, эсепти теңөө мүмкүнчүлүгү берилген, бирок ал аны колдон чыгарып жиберди. Чуркап келип топту тебем деп боюн токтото албай, өзүнүн сол бутун оң буту менен тээп алды.

Анын топ тепкенин социалдык тармактын колдонуучулары "тарыхтагы эң начар пенальти" деп жазып чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0