Кыргызстандык футболчулар мартта жолдоштук беттеш өткөрбөйт. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар машыгуу учурунда. Архив
Футболчулар машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федерация эмне себептен жолдоштук эки оюн болбой калганына түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама команда мартта мелдеш өткөрбөйт. Бул туурасында аталган федерациянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкты футболчулардын бири кыргызстандык клубга кайтып келди
19-27-март күндөрү бир катар мамлекеттерде жолдоштук оюндар болот. Ал эми Европада 2020-жылы боло турчу Европа чемпионатынын тандоо турнирлери өтмөкчү.

Федерациядан кабарлашкандай, ушул эле убакта 23 жашка чейинки жаштардын курама командасы Азия чемпионатынын тандоо мелдешине катышат, ошондой эле "Дордой" клубу Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна даярданат.

"Мындан улам мартта боло турчу эки жолдоштук беттештен баш тартканыбыз оң деген чечимге келдик", — деп айтылат маалыматта.

Курама команда Азия кубогунан бери мелдеш өткөрө элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0