Кыргыздын орто салмактагы алдыңкы мушкерлери бир күндө беттешет. Тизме

Жазылуу
Баш байгеге алтын кур жана автоунаа коюлган.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандын орточо салмак (65 килограмм) категориясындагы таанымал 19 мушкери алгачкы ирет бир турнирде беттешет. Бул туурасында мелдешти уюштуруп жаткан Кулатуу эр таймаш федерациясынан кабарлашты.

WEF Grand Prix аталышындагы турнир 21-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтмөкчү.

"Бул мелдешке 65 килограмм салмакта күчүн сынаган гана мушкерлер катыша алат. Алар - өлкөнүн эң белгилүү спортчулары. Мындай турнир Кыргызстанда алгачкы ирет өткөрүлөт. Баш байгеге алтын кур жана автоунаа коюлган", — деп айтылат маалыматта.

Мелдештин катышуучулары (бардыгынын салмагы 65.8 килограмм);

  • Абдулгаджи Газиев;
  • Канат Келдибеков;
  • Санжар Ажибаев;
  • Немат Абдрашитов;
  • Алимардан Абдыкааров;
  • Өктөм Бактыбек уулу;
  • Бекболот Абдылда уулу;
  • Бакберген Усенов;
  • Каныбек Жаныбек уулу;
  • Расул Тезекбаев;
  • Бекмамат Абдибаит уулу;
  • Байжан Элдияр уулу;
  • Бекжан Матысаев;
  • Кылычбек Садирдинов;
  • Муса Юсупов;
  • Руслан Саитов;
  • Мунарбек Бектур уулу;
  • Адилет Нурматов;
  • Абдубаит Осмонали уулу.
Жаңылыктар түрмөгү
0