Мыкты футболчулардын бири кыргызстандык клубга кайтып келди

Жазылуу
Мурзаев "Дордойдо" буга чейин 2012–2015-жылдары ойногон.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаевдин буга чейинки чет элдик клубдар менен келишими аяктап, ал "Дордой" командасына кайтып келди. Бул тууралуу аталган футбол клубунан Sputnik Кыргызстанга билдиришти. 

© Фото / пресс-служба ФФКРМирлан Мурзаев
Мыкты футболчулардын бири кыргызстандык клубга кайтып келди - Sputnik Кыргызстан
Мирлан Мурзаев

Баладай кубанышты. Бишкекте белгилүү айымдар футбол ойногон видео - Sputnik Кыргызстан
Баладай кубанышты. Бишкекте белгилүү айымдар футбол ойногон видео
Мурзаев "Дордойдо" буга чейин 2012–2015-жылдары ойногон. Эми спортчу командага келерки жумада кошулуп, 99 деген номер менен оюн талаасына чыгат.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында болгон Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин киргизген тобу бирден-бир мыкты гол деп табылган.

"Дордойго" өткөнгө чейин Мурзаев Түркиянын "Серик спор" жана "Сома спор" клубдарында ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0