Бишкекте аскага чыгуу боюнча ачык чемпионат өтөт

Жазылуу
Катышуучулар аскага ылдам чыгуу, тоскоолдуктардан өтүү жана боулдеринг боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Onthewake спорт комплексинде 8-марттан 10-мартка чейин аскага чыгуу боюнча ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Чемпионат по хорсболу в Токтогульском районе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Ат үстүндө топ талашкан кыргыз-француз хорсболчулары. Мелдештин сүрөттөрү
Ага ылайык, катышуучулар аскага ылдам чыгуу, тоскоолдуктардан өтүү жана боулдеринг боюнча күч сынашат.

Мелдешке 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылы туулгандар катыша алат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен Альпинизм федерациясы уюштуруп жатат. Жеңүүчүлөр Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0