Футболчунун башкача голу. Социалдык тармакты суктандырган видео

© AP Photo / Nick PottsАнглиялык "Дерби Каунти " клубунун чабуулчусу Мейсон Беннетт. Архив
Англиялык Дерби Каунти  клубунун чабуулчусу Мейсон Беннетт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу британиялык футболчунун тепкен тобу социалдык тармактагылардын суктануусун жаратып, бир суткада 3,5 миллион киши көргөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Англиялык "Дерби Каунти " клубунун чабуулчусу Мейсон Беннетт алар менен ойногон "Уиган" командасынын дарбазасына болуп көрбөгөндөй гол киргизди.

Футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчу белоруссиялык клуб менен үч жылга келишим түздү
​Көзгө илешип-илешпеген топ таймаштын 62-мүнөтүндө киргизилди. Алгач, 0:1 эсеби менен коноктор алдыда келе жаткан. Бир учурда Мейсон Беннетт секирип, бутунун учу менен киргизген гол эки жактын тараза ташын бирдей кылды.

Футболчунун тобу социалдык тармактагылардын суктануусун жаратып, Twitter колдонуучулары бир суткада 3,5 миллион ирет көрүп, бир топ пикирлерди жазып да калтырган.

Анда Беннеттин голу атактуу футболчу Ференц Пушкаш сыйлыгына татыктуу экендигин, мыкты голдун катарына кирерин да айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0