Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКонноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпиондукту багындырган балбандарга "Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери" наамы ыйгарылат.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачлыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?
Спорттук мелдеш 15-16-апрель күндөрү болот. Ага 55, 60, 66, 74, 84 килограммга чейинки жана 96 килограммдан жогорку салмак чениндеги балбандар катышат алат.

Чемпион болгон балбандарга "Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери" наамы ыйгарылат.

Турнирди Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция жана Кыргыз күрөшү федерациясы уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0