Бишкекте Кыргызстандын белгилүү айымдары футбол ойнойт. Тизме

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүФутбол топтору. Архив
Футбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттешке катыша тургандардын арасында мэрия, ЖМК өкүлдөрү жана Кыргызстандын Футбол федерациясында иштеген айымдар бар.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол ойноого макул болгон өлкөнүн белгилүү айымдарынын тизмесин жарыялады.

6-мартта Кыргызстандын Футбол федерациясы менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) "Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей" аттуу фестиваль уюштурат.

Анда Кыргызстандын белгилүү айымдары Бишкектеги жаңы конуштардагы өспүрүм кыздар менен футбол ойнойт.

Беттешке катышууга макулдугун бергендер:

  • Айгерим Сабралиева — Кыргызстандын Футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү;
  • Нурайым Рыскулова — блогер, пиар-адис;
  • Айжан Кулибаева (Алина Баженова), "Европа плюс" радиосунун алып баруучусу;
  • Гуля Алмамбетова — Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси;
  • Мирзада Майчинова — "Энджи" музыкалык программасынын менеджери.

Азыркы тапта оюнга катыша турчу аткаминер аялдардын тизмеси түзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0