10:27 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Кум үстүндөгү футбол. Архив

Кыргызстан алгачкы ирет кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатына барат

© Sputnik / Александр Вильф
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
14610

Чүчү кулактын натыйжасында Кыргызстан В тайпасына туш келген, анда БАЭ, Ливан жана Кытай мамлекеттери бар.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курама командасы биринчи жолу Азия чемпионатына катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш 5-17-март күндөрү Паттайя (Таиланд) шаарында өтөт.

Маалыматка ылайык, кечээ аталган агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов жыйын өткөрүп, анда федерация өкүлдөрү жана машыктыруучулар менен жолугуп, ийгилик каалаган.

"Сиздер өлкө намысын коргоо үчүн алыс жакка кетип жатасыздар. Кыргызстан кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатындагы тушоосун кесет. Ийгилик менен кайтып келишиңизге тилектешпиз", — деди Аманкулов.

Ошондой эле ал учурда командалык оюндарга басым жасалып жатканын кошумчалаган.

Соңунда курама команданын капитаны Бакыт Орозалиевге өлкөнүн туусу тапшырылды. Орозалиев курама команда КР кубогунун жыйынтыгы менен тандалганын жана футболчулар жыл башынан бери Ысык-Көлдө даярданып келгенин айтып берген.

Кум үстүндөгү Азия чемпионатына бара турчу футболчулардын тизмеси:

1. Эрмек Чабалиев — дарбазачы;

2. Максим Максимишин — дарбазачы;

3. Урмат Дүйшөнов — оюнчу;

4. Нурбакыт Мирлан уулу — оюнчу;

5. Бакыт Жаналиев — оюнчу;

6. Актилек Абдыкалый уулу — оюнчу;

7. Кайрат Дүйшеев — оюнчу;

8. Эдил Орозалиев — оюнчу;

9. Эрбол Алмазбеков — оюнчу;

10. Жыргалбек Урдолотов — оюнчу;

11. Данияр Таалайбеков — оюнчу;

12. Бактияр Орозалиев — оюнчу;

13. Тилек Асанбаев — оюнчу (резерв);

14. Камчыбек Өмүрбеков — машыктыруучу;

15. Муктарбек Орозбаков — башкы машыктыруучу;

16. Канатбек Жумадылов — дарыгер;

17. Киемидин Пириев — делегат;

18. Төлөгөн Сарынжыев — команда жетекчиси;

19. Нурлан Акысбеков — Кум үстүнөгү футбол федерациясынын президенти.

Аталган мелдешке баруу үчүн курама командага спорт боюнча мамагенттиктен 607 миң сом каралган.

Чүчү кулактын натыйжасында Кыргызстан В тайпасына туш келген, анда БАЭ, Ливан жана Кытай мамлекеттери бар. Жеңген команда Парагвайда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышат.

Тема боюнча

Бүркүттүн элесин берген стадион. Кыргызстандык архитектордун эскиздери
Бишкекте стадион курууга беш компания кызыкдар
Белгилер:
Спорт, Азия чемпионаты, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ