UFC Шевченко менен Физиев катыша турган Санкт-Петербургдагы турнирдин баасын айтты

Жазылуу
Билеттер 1-марттан тарта сатыла баштайт.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Санкт-Петербургда өтө турган UFC уюмунун турниринин эң арзан билети үч миң рублдан сатылат. Бул тууралуу "Спорт-Экспресс" порталы Россия боюнча уюмдун президенти Андрей Громковскийге шилтеме берип жазды.

Анын айтымына караганда, билеттин эң жогорку баасы 25 миң рублди түзүп, 1-марттан тарта сатыкка чыгат.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот
UFC уюмунун Россиядагы экинчи турнири 20-апрелде өтөт. Биринчи турнир 2018-жылы Москвада сентябрь айында болгон.

Турнир жети миңден ашык адам баткан "Юбилейный" спорт комплексинде уюштурулат. Анда кыргызстандык спортчулар да күч сынашат. Антонина Шевченко америкалык Роксана Модаффери менен беттешсе, Рафаэль Физиев күйөрмандарын дебюту менен кубандырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0