Айсулуу Тыныбекова баш болгон балбан кыздар Болгариядагы мелдешке катышат

© Фото / Facebook / United World WrestlingКыргызстандын балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандын балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мелдешке өлкө атынан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери барат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыздар Болгариядагы эл аралык мелдеште күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпион и призер Азиатских игр получили денежные премии в Оше  - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова, Махмудов, Маслова... Айына 50-60 миңден алган спортчулардын тизмеси
Маалыматка ылайык, Dan Kolov-Nikola Petrov аталышындагы турнир 28-февралда башталып 3-мартка чейин Русе шаарында өтөт. Ага өлкө атынан машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетектөөсү менен Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы катышат. Спортчулар 62, 68 жана 76 килограмм салмактагы кыз-келиндер арасында ат салышат.

Аталган спорттук иш-чарага балбандарды катыштыруу үчүн Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекция 378 миң сом бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0