Канттагы оор атлетика боюнча биринчиликте өлкөнүн мыктылары тандалат

© Sputnik / Юлия Честнова / Медиабанкка өтүүОор атлетика боюнча мелдеш. Архивдик сүрөт
Оор атлетика боюнча мелдеш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар жалпысынан 20 салмак категорияда күч сынашат.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Оор атлетика боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш 27-28-февраль күндөрү Чүй облусунун Кант шаарында өтмөкчү. Ага 15-17 жаштагы кыздар жана балдар катыша алат.

Турнир оор атлетиканын эл аралык эрежеси менен өткөрүлүп, спортчулар жалпысынан 20 салмак категориясы боюнча күч сынашат.

Кыргызстандын биринчилиги "Ынтымак" өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резерв мектеби жана Оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0