Манас Ниязов Сауд Аравиядагы этнофестивалга барбай турган болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Игрок сборной Кыргызстана по кок бору Манас Ниязов
 Игрок сборной Кыргызстана по кок бору Манас Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечимди Көк бөрү федерациясы кабыл алган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын алдыңкы көк бөрүчүсү Манас Ниязов Сауд Аравияда өтө турган Сamel fest эл аралык этнофестивалына катышпайт. Бул туурасында маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов тастыктады.

Анын айтымында, Ниязов Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн мелдешке катышышы керек.

"Жакынкы күндөрү Сауд Аравияга бара турчу көк бөрүчүлөрдүн тизмесин жарыялайбыз. Бирок катарда Манас Ниязов жок. Ал Нооруз майрамындагы көк бөрүгө катышышы керек. Федерациянын чечими ушундай", — деп түшүндүрдү Саматов.

Салбуруун оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндүн духу! Кыргызстандан 1000ге чукул өнөрпоз Сауд Аравияга барат
Бул туурасында маалыматты улакчы Манас Ниязов өзү да тастыктады.

Буга чейин федерация жетекчиси Жыргалбек Саматов Кыргызстандын 100дөй улакчысы аттары менен Сауд Аравияга барып көк бөрү ойной турганын билдирген.

Сamel fest аттуу эл аралык этнофестивал 9-марттан 23-мартка чейин болмокчу. Анда 90го чукул өлкөнүн өкүлдөрү ырчы, бийчилердин концертин көрүп, каскадерлордун өнөрүнө, салбуурун жана көк бөрү оюнуна күбө болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0