Бийлик инвесторлорго Бишкекке жаңы стадионду чогуу курууну сунуштап жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол стадиону. Архив
Футбол стадиону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыкдар болгон инвесторлор 25-февралга чейин арыздарын жибериши керек.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги инвесторлорду Бишкекте көп функционалдуу футбол аянтын чогуу курууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Азия кубогундагы ийгиликтүү кадамы. FIFA жыйынтык чыгарды
Стадион футбол боюнча эл аралык федерациянын (FIFA) талаптарына жооп бериши керек.

Кызыкдар болгон тараптар долбоорго катышуу тууралуу ниетин 25-февралга саат 18:00гө чейин goskomsport05@mail.ru электрондук дарегине жана Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү-17 дареги боюнча жиберүүгө болот.

Жаңы стадион куруу керектиги боюнча маселе Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чыккандан кийин көтөрүлө баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0