Краковецкий, Бестаев баштаган дзюдочулар Германиядагы турнирге катышат

© AFP / JACK GUEZДзюдоист Отар Бестаев на чемпионате мира по дзюдо в Астане
Дзюдоист Отар Бестаев на чемпионате мира по дзюдо в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө намысын тогуз спортчу коргойт.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Германиядагы Dusseldorf Grand Slam эл аралык мелдешине катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мелдеш 22-24-февраль күндөрү Германиянын Дюссельдорф шаарында өтөт.

Маалыматка ылайык, өлкө намысын тогуз спортчу коргойт.

Отар Бестаев — 60 килограммга чейин;

Артур Те, Алмаз Алтынбек уулу — 66 килограммга чейин;

Бексултан Султанов, Ишен Аманов — 73 килограммга чейин;

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рафаэль Физиевдин UFC уюмунан келген чакырууга болгон реакциясы. Видео
Владимир Золоев — 81 килограммга чейин;

Эрлан Шеров — 90 килограммга чейин;

Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов — 100 килограммдан өйдө;

Спортчуларды машыктыруучу Сергей Мистрюков коштоп барат.

Курама команда спорттун Мамагенттик алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, 778 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0