11:22 20 Чын Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.6426
  • EUR78.3236
  • RUB1.0888
Оор атлетчи. Архив

Сүйүнчү! Бакдөөлөт Расулбеков Таиланддагы эл аралык мелдеште чемпион аталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
214 0 0

Спортчу 102 килограмм салмактагылар арасында алтын медаль тагынды.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков эл аралык Egat Cup мелдешинде чемпион болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-10-февраль күндөрү Таиланддын Чиангмай шаарында Олимпиадага жолдомо ала турчу бирден-бир мелдешке Кыргызстандын атынан эки балбан катышкан.

Анда Расулбеков 102 килограмм салмактагылар арасында алтын медаль тагынса, Иззат Артыков 67 килограмм арасында төртүнчү орунга татыды. Спортчуларды аталган мелдешке жөнөтүү үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 452 миң сом бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн спортчу ар бир олимпиадалык циклде алты эл аралык мелдешке катышып, лицензияга упайларды чогултуусу зарыл. Дүйнөлүк рейтинг боюнча ар бир салмактык категориянын алдыңкы 14 орунун ээлеген балбандар Олимпиада оюндарына катышууга уруксат алат.

Тема боюнча

Иззат Артыков баштаган оор атлетчилер Таиландда күчүн сынайт
Кыргызстандык эки балбан Ирандагы эл аралык мелдеште чемпион болду
Белгилер:
мелдеш, оор атлетика, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ