Кыргызстандын жеңил атлетчилери Ирандагы чемпионатка катышат

© AFP / JOHANNES EISELE / POOLЖеңил атлетчилер. Архив
Жеңил атлетчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тогуз жөө күлүгү Иранда өтө турган жеңил атлетика боюнча Борбор Азиянын чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт.

Мелдешке бара турган кыргызстандык жөө күлүктөрдүн тизмеси:

  • Анна Буланова, 25 жашта;
  • Гүлшанай Сатарова, 27 жашта;
  • Эркинбек Шеров, 23 жашта;
  • Кирилл Сарасов, 21 жашта;
  • Шахзат Садыкжан уулу, 22 жашта;
  • Михаил Солошенко, 19 жашта;
  • Баястан Максатбек уулу, 23 жашта;
  • Айбек Сыргакбеков, машыктыруучу.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Ага дирекциянын бюджетинен 434 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0