Рафаэль Физиев UFC уюмунда беттешке чыга турган болду

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстанский боец ММА Рафаэль Физиев
Кыргызстанский боец ММА Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкт-Петербургда өтчү мелдеш 20-апрелге белгиленген. Бул UFC уюмунун КМШ айдыңында өткөрүп жаткан экинчи турнири.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Рафаэль Физиев UFC клубунун октагонунда беттешет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына спортчу телефон аркылуу кабарлады.

"UFC алкагындагы алгачкы кармашуум Санкт-Петербургда 20-апрелде өтөт", — деди спортчу.

Анын айтымында, атаандаш азырынча тандала элек. Күч сынашчу мушкерди уюм өзү аныктайт.

Рафаэль Физиев дүйнөлүк уюм менен келишим түзгөн үчүнчү кыргызстандык. Спортчу 2017-жылдын февралындагы беттешүүсү менен эсте калып, эл оозуна алынган. Атаандашынын бут соккусунан "Матрица" тасмасынын башкы каарманы Нео сымал буйтап кеткен. Андан кийин спортчу машыккан Таиланддын Phuket Top Team клубу Физиевди "ринг падышасы" атап, кыргызстандыктын мыкты ирмемдерин видео кылып чыгарган.

Кыргызстандык мушкер UFC уюмунун былтыр жайында Лас-Вегаста өткөн турниринде эле өнөрүн көрсөтүшү керек болчу. Бирок ага АКШнын визасы берилбей калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0