Күжүрмөн самбо боюнча ИИМдин чемпионаты өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКүжүрмөн самбо боюнча машыгуу. Архив
Күжүрмөн самбо боюнча машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионат кызматкерлердин дене тарбия даярдыгын бекемдөө үчүн, ошондой эле Ата Мекенди коргоо күнүнүн урматына уюштурулат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Күжүрмөн самбо боюнча КР ИИМинин чемпионаты өтө турганын министрликке караштуу "Динамо" спорттук коомунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, мелдеш 19-20-февраль күндөрү "Динамо" спорттук коомунун күрөш залында өтөт.

"Чемпионат кызматкерлердин дене тарбия даярдыгын бекемдөө үчүн ошондой эле Ата Мекенди коргоо күнүнүн урматына уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө тартипти сактап, жарандарды коргоодо милиция кызматкерлеринин дене тарбия даярдыгы өтө зарыл. Мындан улам Sputnik агенттиги буга чейин Кыргызстандын ички иштер органдарынын спорттук машыгуусун видеого тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0