Бишкекте жаштар грек-рим, эркин жана аялдар арасындагы күрөш боюнча таймашат

Жазылуу
Иш-чара 1-3-март күндөрү болот.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы "Арча-Бешик" дене тарбия комплексинде грек-рим, эркин жана аялдар арасындагы күрөшү боюнча Бишкектин чемпионаты өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара 1-3-март күндөрү болот.

Оор атлетчи Иззат Артыков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыков баштаган оор атлетчилер Таиландда күчүн сынайт

Ага Бишкек шаарынын спортчуларынан турган командалар катышып, спорттун жогорудагы үч түрү боюнча күч сынашат. Таймашка 1999-2002-жылы туулган кыздар-балдар катыша алат.

Чемпионат борбор калаанын курама командасын тандоо үчүн өткөрүлүүдө. Бишкектин аймагында спорттук күрөштү элге жайылтуу жана спорттук чеберчиликти арттыруу максаты көздөлгөн.

Иш-чараны Бишкектин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгы уюштуруп жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0