Оюн учурунда футболчунун мурдун сындыра басып кетишти. Үрөй учурган сүрөт

© AP Photo / Armando Franca Англиянын "Рединг" клубунун футболчусу Нелсон Оливейра
 Англиянын Рединг клубунун футболчусу Нелсон Оливейра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Астон Вилла" клубунун коргоочусу болгон окуя үчүн социалдык тармак аркылуу кечирим сурады.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Англиянын "Рединг" клубунун футболчусу Нелсон Оливейра оюн учурунда оор жаракат алды. "Астон Вилла" командасынын коргоочусу Тайрон Мингз Оливейра жерге жыгылып калганда бетин бутса менен басып кеткен. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Окуя болгон учур видеого тартылып калган.

​Мингз атаандашынын жаракат алганын көрүп, оюнду дароо токтотууга аракет кылган. Оливейронун бетине тийген бутса мурдун сындырып, этин тилип кеткен. Бактыга жараша, көзү аман калган.

​"Астон Вилла" клубунун коргоочусу болгон окуя үчүн социалдык тармак аркылуу кечирим сурады.

​Мингз 2017-жылы ушундай эле окуядан улам беш оюндан четтетилген. Анда швециялык чабуулчу Златан Ибрагимовичтин башын тепсеп кеткен. Бактыга жараша, ал оор жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0