Ирандагы эл аралык турнирде күрөшө турган 14 балбан аныкталды. Тизме

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСАзиатские игры в Джакарте. Вольная борьба
Азиатские игры в Джакарте. Вольная борьба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Takhti Cup 2009-жылдан бери өтүп келет.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ирандын борбору Тегеран шаарында өтчү Takhti Cup 2019 эл аралык турнирине Кыргызстандан 14 балбан бара турганын Күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча мелдеш 7-8-февраль күндөрү болот.

Күч сынаша турган спортчулардын тизмеси:

Алмаз Сманбеков, Бекболот Мырзаназар уулу — 57 килограммга чейин;

Улукбек Жолдошбеков — 61 кг чейин;

Эрназар Акматалиев, Нургазы Абдуразаков — 65 кг чейин;

Мансур Сыргак уулу, Исламбек Орозбеков — 70 кг чейин;

Бекжан Жамбулов — 74 кг чейин;

Ойбек Насиров, Илгиз Жакыпбеков — 97 кг чейин;

Чыңгыз Керимкулов — 92 кг чейин;

Магомед Мусаев, Кунай Нурдавлетов — 97 кг чейин;

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Мужчины. Весовая категория до 97 кг - Sputnik Кыргызстан
Эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды. Тизме
Музафар Жаппуев — 125 кг чейин.

Балбандарды башкы машыктыруучу Руслан Мажинов, улук машыктыруучу Сүймөнкул Табалды уулу жана калыс Эрнис Суранов коштоп барат.

Белгилей кетсек, Takhti Cup 2009-жылдан бери өтүп келет. Буга чейин Базар Базаргуруев алтын медаль алса (2011-ж), былтыр дагы бир балбан Айбек Усупов коло медалга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0