Нурмагомедов досторуна болушуп UFC уюмунда мушташпай турган болду

© REUTERS / Noah K. Murray-USA TODAY SportsБоец UFC Хабиб Нурмагомедов
Боец UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хабибдин командасындагы Абубакар Нурмагомедов жана Зубайр Тухугов да дисквалификацияланып, 25 миң доллардан айыпка жыгылган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Ризван Магомедов анын командасына, тагыраагы, Абубакар Нурмагомедов жана Зубайр Тухуговго коюлган чектөөнүн убактысы бүтмөйүнчө UFC уюмунда беттешке чыкпай турганын айтты. Бул туурасында Sport24.ru порталы жазды. 

Эр уруш боюнча россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов жазага тартылышы боюнча үн катты
Невада штатынын атлетика комиссиясы Нурмагомедов UFC 229 турниринде Макгрегор менен беттешкенден кийин чыгарган жаңжалы үчүн 9 айга четтетилип, 500 миң доллар айыпка жыгылган. Ал эми чырга катышты деп кине коюлган Макгрегор жарым жылга дисквалификацияланып, 50 миң долларлык жазага тартылган.

Комиссия, мындан сырткары, Хабибдин командасындагы Абубакар Нурмагомедов жана Зубайр Тухуговду да дисквалификациялап, 25 миң доллардан айып салган.

Зубайр өзүн бир жылга, Абубакарды тогуз айга UFC уюмунан четтеткенин Instagram баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, беттеш былтыр 6-октябрда өткөн. Жеңишке жетишкен Нурмагомедов таймаштан кийин алгач атаандаш тарап менен кер-мур айтышып, андан соң тосмодон секирип өтүп, мушташа кеткен. Натыйжада NSAC териштирүү иштерин баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0