БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары Канатбек Арпачиев 2018-жылы кайсы облуста спорттук иш-чара көп өткөрүлгөнүн айтып берди.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик агенттик жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.
Анан айтымында, биринчи орунда 364 спорттук иш-чара өткөргөн Нарын облусу турат. Экинчи болуп 284 спорттук мелдеш менен Жалал-Абад облусу кирди. Кийинки орунга 208 турнир өткөргөн Ысык-көл, 184 иш-чара менен Ош облусу татыды.
Ошондой эле Талас облусу 98, ал эми Баткен облусу 86 мелдеш өткөргөн.