Сууда сүзгөндөр эл аралык мелдешке Чолпон-Атада даярданат. Канча акча бөлүндү

Жазылуу
Машыгуу 8-февралдан тарта 25-февралга чейин созулат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасы эл аралык мелдешке даярдануу үчүн Чолпон-Ата шаарына бара турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, машыгуу 8-февралдан тарта 25-февралга чейин созулат. Ага Денис Петрашов, Елизавета Рогожникова, Кирилл Вайс жана башкы машыктыруучу Евгений Петрашов барат.

"Мамагенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык, КРдин сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасы машыгууларды өткөрөт", — деп айтылат маалыматта.

Таймашка Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 138 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0