Федор Емельяненко америкалык мушкер Бейдерге нокаут менен утулду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиялык мушкер Федор Емельяненко. Архив
Россиялык мушкер Федор Емельяненко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
42 жаштагы Емельяненко спорттук беттештерде ушуну менен алтынчы жолу утулду.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Россиялык мушкер Федор Емельяненко оор салмак боюнча Bellator беттешинин финалында америкалык мушкер Райан Бейдерге утулуп калды. Бул тууралу Rsport басылмасы жазды.

Лос-Анжелесте өткөн беттеште Емельяненко биринчи раунддун биринчи таймында нокаут менен жеңилди.

​42 жаштагы Емельяненко спорттук беттештерде ушуну менен алтынчы жолу утулду. Ошондой эле 38 жолу жеңишке жеткен. 35 жаштагы Бейдер эми эки салмак категориясы боюнча чемпиондук курдун ээси болду. Ал ушуну менен 27 жолу утушка жетишип жатат. Ал буга чейин 5 жолу утулуу ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0