Азия кубогунда ойногон КР командасы канча акча алары белгилүү болду

© Фото / пресс-служба ФФКРКубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия биринчилигине биринчи жолу катышып, тайпадагы үчүнчү орундан плей-оффко чыкты.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунан 200 миң доллар (болжол менен 14 миллион сом) иштеп тапканын Азия футбол конфедерациясынын (АФК) расмий билдирүүсүндө айтылат.

Кучакташып ыйладык... Футболду Абу-Дабиден көргөн мекендештердин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кучакташып ыйладык... Футболду Абу-Дабиден көргөн мекендештердин видеосу
КР командасы финалдын 1/8 финалына чыгып, чейрек финал үчүн кармашта Бириккен Араб Эмирлигинен 2:3 эсеби менен утулуп калды.

АФКнын билдирүүсүнө ылайык, турнирдин жалпы байге фондусу 14,8 миллион долларды түзөт. Мында чемпионго — 5 миллион доллар, финалистке 3 миллион доллар берилет.

Үчүнчү жана төртүнчү орун ээлегендер 1 миллион доллардан алат. Финалдык бөлүккө чыккан 24 команданын баарына 200 миң доллардан тиет. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

Кыргызстандын курама командасы тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна катышты. Тайпалык беттеште Кытай менен Түштүк Кореядан утулуп, филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен утуп алган. Ушул жеңиштин аркасы менен үчүнчү орундан плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0