Пенальтинин кереги жок эле, калыс баарын бузду. Рефери Кочкаров Фу Минг жөнүндө

© AFP / Khaled DESOUKI Рефери Фу Минг
Рефери Фу Минг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык белгилүү калыс Кочкаров кытайлык судья Фу Мингдин ал ишине калыстар комитети өзүнүн баасын берсе керек деген пикирде.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Рефери Фу Минг футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалына болгон Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмирлигинин курама командаларынын оюнунда туура эмес калыстык кылды. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандан чыккан белгилүү калыс Бахадыр Кочкаров билдирди.

Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Кичиндин футболкасын кайдан алам? КР командасына чет элдиктер жан тартканда
Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Кочкаров рефери ассистенттери арасында матчты тейлөө саны боюнча рекорд койгон. Ал мундиалда тогуз оюнга калыстык кылган.

Кечээ Азия кубогунун 1/8 финалына Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмирлигинин курама командаларынын беттешүүсү өтүп, анда биздин футболчулар талаа ээлерине 2:3 эсебинде орун бошоткон.

Анткен менен кыргызстандык оюнчулар өздөрүнүн чыныгы чеберчилигин, тактикасынын өзгөчөлүгүн көрсөтүп, көптөрдүн урматтоосуна арзыды. Бирок араб оюнчулары талаш болгон пенальтиде гол киргизип кеткен.

"Бардык кыргызстандыктарды куттуктайм! Футбол — күйөрмандардын оюну. Азия кубогунда мындай оюнду көптөн бери көрө элек болчумун. Балдар сонун ойноду, аларды да куттуктайм", — деп айтып берген Кочкаров.

Игроки сборной Кыргызстана по футболу перед матчем 1/8 финала Кубка Азии по футболу со сборной ОАЭ в Абу-Даби. 21 января 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Татыктуу тосуп алалы! КР футболчуларынын кайта турган күнү айтылды
Ал кыргызстандыктар эле эмес, дүйнөдөгү күйөрмандардын талкуусуна калган рефери Фу Мингдин беттеште кылган калыстыгы боюнча пикирин билдирди.

"Калыстар калыстыктан тайды. Сонун оюнду бузуп салышты. Судья Фу Мингдин ал ишине калыстар департаменти өзүнүн баасын берсе керек. Аны да күтөбүз. Биринчи голду офсайд менен киргизишти. Пенальти деген такыр берилбеши керек эле. Судья мындай спектаклге тоскоолдук кылышы зарыл", — деген кыргызстандык рефери.

Кочкаров комментарий берип жатып, эреже жөнүндө эле эмес, оюндун духу боюнча да айтып өттү.

"Тилекке каршы, мындай судья оюндун духун, демин түшүнбөйт. Ага дипломатия менен мээ керек, ал эми бул нерсе анда жок тура", — деп белгиледи ал.

Кочкаров улуттук курама команданын оюга катышуусу бардык кыргызстандыктардын жеңиши экендигин, тилекке каршы командага ийгилшик жылмайбай койгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0