Валентина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду. Видео

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченкого. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченкого. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 жаштагы Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. UFC башчысы Дана Уайт кыз-келиндер арасында эң жеңил салмактагы чемпион титулуна америкалык Жессика Ай талапкер болуп жатканын, чемпиондук учурда кыргызстандык Валентина Шевченкого таандык экенин жар салды.

Fight News сайтынын маалыматына ылайык, Жессика Ай жеңил салмакта титулдук беттеш өткөрүүгө ниеттенип, бирок максатына жетпей калган. Андан соң эң жеңил салмак дивизионуна өткөн.

30 жаштагы Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0