Абылгазиев баштаган аткаминерлер күйөрмандык кылганда. Сүрөт

© AFP / KHALED DESOUKI Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы улуттук команданы өз кабинетинде вице-премьерлер менен чогуу колдоп турду.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан — БАЭ беттешине иш ордунда күйөрмандык кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Facebook тармагындагы расмий баракчасында айтылды.

Өкмөт башчы улуттук команданы өз кабинетинде вице-премьерлер менен чогуу колдоп турду.

"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан менен БАЭнин оюнуна иш кабинетинен вице-премьерлер менен көз салып отурду. Бул убакта кадимки күндөрдөй эле иш кайнап турат", — деп жазылат постто.

Билдирүү #АлгаКыргызстан хэштеги менен толукталган.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин беттеши 21-январда өттү. Улуттук команда 2:3 эсеби менен утулуп калганына карабастан, мыкты оюн көрсөтүп, алкоого татышты.

Команданы сүрөөнгө алган күйөрмандардын видеосун да көрүп коюңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0