Бишкектеги дүңкүлдөгөн барабан, бийлеген эл. Экинчи гол учурундагы видео

© AFP / KHALED DESOUKIКубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле жерде калпакчан чет элдиктин барабанды голдун урматына арнап салтанат менен уруп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен беттеште эсепти теңдеп, 2:2ге жеткирди.

Көптөн күткөн оюндун соңуна саналуу мүнөттөр калган ирмемде кирген гол учурунда борбор шаардагы соода үйүнүн алды кубанычтын кыйкырыгынан, кол чабуулар жана ураандан жарылып кете жаздады. 

Ошол эле жерде калпакчан чет элдиктин барабанды голдун салтанатына арнап шаңдуу уруп жатканын көрүүгө болот.

​Учурда Бишкек шаарынын Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн аймагында ири монитордон күйөрмандар беттешти көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0