Борбор калаада жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЖеңил атлетчи. Архив
Жеңил атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда 15-17 жаштагы өспүрүм кыздар менен балдар жарышат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте жабык имараттын ичиндеги жеңил атлетика боюнча ачык чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө биринчилиги 24-25-январь күндөрү борбор калаадагы Дене тарбия жана спорт академиясында уюштурулат. Анда 15-17 жаштагы өспүрүм кыздар менен балдар ат салышат.

Аймактардан чогулган жөө күлүктөр 60, 200, 400, 800, 1500 жана 3000 метр аралыкта жарышат. Андан сырткары, 100, 200, 300, 400 метр аралыкка эстафета уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0