Азия кубогу: плей-оффко чыккан командалар жана оюн өтчү күндөр айтылды. Таблица

© Фото / пресс-служба ФФКРСтадион Hazza Bin Zayed в ОАЭ
Стадион Hazza Bin Zayed в ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан плей-оффко тайпадагы үчүнчү орундан чыкты.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Азия кубогунун Twitter баракчасында финалдын 1/8 бөлүгүнө чыккан командалар менен беттеше турган күндөрүнүн расписаниеси жарыяланды.

​Плей-оффто ойной турган 16 команданын баары белгилүү болду.

20-январь

  • Таиланд — Кытай;
  • Иран — Оман;
  • Иордания — Вьетнам.

21-январь

  • Япония — Сауд Аравиясы;
  • Кыргызстан — БАЭ;
  • Өзбекстан — Австралия.

22-январь

  • Түштүк Корея — Бахрейн;
  • Катар — Ирак.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы тарыхта биринчи жолу аталган чемпионатка катышып, ийгиликтүү оюн көрсөтүп жатышат. Улуттук команда плей-оффко Филиппин командасын утуп, тайпадагы үчүнчү орундан чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0