Президент: футболчуларыбыз Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап жатат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол курама командасы менен жолугушуу учурунда. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол курама командасы менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы жалпы элдин атынан футболчуларга жана башкы машыктыруучусуна ыраазычылык билдирип, алкыш айтты.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Биздин футболчу жигиттер мекенчилдиктин жогорку үлгүсүн көрсөтүп, Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап жатат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы эмгек, мекенге кызмат кылуу, өлкөнү даңазалоонун өзгөчө үлгүсүнө токтолгон.

"Жалпы кыргызстандыктар кечээ кыргыз спортунун чоң жетишкендигине күбө болушту. Биздин футболчуларыбыз Азия чемпионатында эбегейсиз чоң ийгиликке жетишти. Филиппин командасын 3-1 эсебинде утуп элибизге укмуш зор маанай тартуулашты. Биздин футболчулардын Азия кубогуна тарыхта биринчи ирет чыгышы эле чоң ийгилик болгон. Оюндардын кийинки этабына өтүүсү да эбегейсиз тарыхый чоң жетишкендик", — деди Жээнбеков.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Азия кубогу: Кыргызстан плей-оффто ким менен ойнору айтылды
Мамлекет башчы жалпы элдин атынан футболчуларга жана башкы машыктыруучусуна ыраазычылык билдирип, алкыш айтты. Ал ошондой эле кийинки оюндарда дагы бүтүндөй Кыргызстан улуттук команданы сүрөй турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол командасы Азия кубогунун алкагында 16-январда филиппиндер менен кез келип 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0