Чечүүчү таймаш. КР командасы Филиппин футболчулары менен беттешет

© AFP / KARIM SAHIBКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы болгон аракетин көрүп, жеңүүчү болуп чыгышы керек. Болбосо "ак шумкарлар" үйгө кайтып келет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн чечүүчү таймашка филиппиндик атаандаштары менен оюн талаасына чыгат.

Таймаш Дубайдагы Rashid Stadium стадионунда өтүп, Бишкек убактысы менен 19.30да башталат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков машыктыруучу Александр Крестинин менен сүйлөштү
Эскерте кетсек, улуттук команда буга чейин тайпалаштары Кытай (1:2) жана Түштүк Кореядан (0:1) утулуп калган. Бирок филиппиндиктерди жеңсе, үчүнчү орундан плей-оффко чыга турган төрт команданын катарынан орун алат. Эгер утулуп калса, кыргызстандыктар үйгө кайтмакчы.

Ушу тапта улуттук курама тайпада үчүнчү орунда турат. Дарбазага киргизген жана өз дарбазасына кирген топторунун саны боюнча бүгүнкү атаандаштардан алдыда. Эки команданын тең упайы жок.

Кыргызстан менен Филиппин командалары буга чейин жолдоштук беттеште ойногон, анда кыргызстандыктар 1:2 эсеби менен утуп алган.

Плей-оффко чыга турган командалар тууралуу кеңири жазылган макаладан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0