ММА мушкери биринчи раундда атаандашын тоголото тээп, нокаутка кетирди. Видео

Жазылуу
Рефери кореялык мушкер техникалык нокаут менен жеңгенин айтты.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. ММА боюнча түштүк кореялык мушкер Сун Квон Ким бразилиялык спортчу атаандашы Андре Оливейрунун бутуна тээп биринчи раундда эле нокаутка кетирди.

Машыгып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер кызды тономок болгон ууру таяк жеди. Сүрөт
​Кореялык мушкер Тайванда өткөн RFC Way of the Dragon таймашынын алкагында жеңишке жеткен. Ал атаандашын тоголото тепкен учурундагы видео JHKMMA баракчасынын Twitter-аккаунтуна жарыяланды.

Ким биринчи раундда эле атаандашын ай-буйга келтирбей бутка тепкен. Бразилиялык мушкер жыгылып түшүп, судьяларга мындан ары оюнду уланта албай турганын көрсөткөн.

Рефери кореялык мушкер техникалык нокаут менен жеңишке жеткенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0