Дарбазачы Кадырбеков: кореялыктардын көп оюн ишке ашырган жокпуз

© AP Photo / Hassan AmmarКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Голкипер оюн учурундагы сезимдери жана жалпы эле пикири тууралуу ой бөлүштү.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Дарбазачы Кутман Кадырбеков Түштүк Корея менен болгон оюндан кийин көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды.

Атаандаштан утулуп калганына карабастан (0:1) 21 жаштагы голкипер Азия кубогундагы дебюттук оюнунда бир топ ийгилик жаратты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Футбол федерациясынын жардамы менен Кадырбеков менен курган чакан маегин сунуштайт.

— Алгач куттук айтабыз. Жаш туруп мындай ири беттештерде ойноо кандай экен?

— Рахмат. Досторумдан, кесиптештеримден көп жылуу сөз уктум. Албетте, мындай турнирде ойноо чоң сыймык. 

© AFP / GIUSEPPE CACACE Дарбазачы Кутман Кадырбеков Түштүк Корея менен болгон оюндан кийин көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Дарбазачы Кутман Кадырбеков Түштүк Корея менен болгон оюндан кийин көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды

— Командага кандай баа берээр элеңиз?

— Атаандаштардын күч-дараметин билем. Андыктан оюн теңтайлаша эле өттү. Көп нерсени ишке ашыра албай калдык, аларда да кемчиликтер болду. Биздин жигиттер болгон аракетин жасады.

— Өзүңүзгө кандай баа бересиз? Бир топ кооптуу ирмемдерден коргоп калдыңыз. Машыктыруучуңуз эмне деди?

— Өзүмө баа бере албайм го. Четтен туруп караган кишиге жакшыраак көрүнөт эмеспи. Менин аракетиме машыктыруучу гана баа бере алат. Ал мага кемчиликтеримди көрсөттү, эми аларды жоюунун үстүндө иштөө керек.

— Дарбазаңызга топ кирип кеткенден кийинки сезимиңиз тууралуу айтып берсеңиз…

— Албетте, маанайың чөгөт, бирок оюн жүрүп жатканда жаман нерселерди ойлобош керек. Андыктан башка топ киргизбөө жөнүндө гана ойлодум. Дарбазачы бир да топ киргизгиси келбейт, тилекке каршы, анте албадым. 

© AFP / Giuseppe CACACE Атаандаштан утулуп калганына карабастан (0:1) 21 жаштагы голкипер Азия кубогундагы дебюттук оюнунда бир топ ийгилик жаратты.
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Атаандаштан утулуп калганына карабастан (0:1) 21 жаштагы голкипер Азия кубогундагы дебюттук оюнунда бир топ ийгилик жаратты.

— Атаандаш тууралуу эмне айта аласыз?

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Колдон келгенин кылдык! Крестинин Түштүк Корея менен болгон беттеш тууралуу
— Чабуулда мыкты экен, бирок туура жасалган аракеттерден улам көп нерсесин ишке ашырган жокпуз.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жатат. Эки ирет жеңилгенине карабастан Кыргызстандын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Финалдын 1/8 бөлүгүнө тайпадагы эки мыкты команда жана үчүнчү орун алган алты команданын төртөө чыга алат.

Беттештин мыкты ирмемдерин видеобаяндан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0